Мындан 30 жыл мурун америкалык ырчы, музыкант, обончу “Грэмми” сыйлыгынын 5 жолку ээси Леди Гага АКШнын Йонкерс шаарында туулган. Ырчынын толук аты-жөнү - Стефани Жоанн Анжелина Жерманотта.
Мектепти аяктап, Нью-Йорк шаарындагы Нью-Йорк университетинин искусство бөлүмүнө тапшырган. Студент кезинде ата-энесинен жардам албай, өз алдынча акча табуунун жолун издейт. Ошентип, шаардагы түнкү клубдардын биринде официант болуп иштеп, кийинчерээк стрипбарда бийлеп калат. Бул иши жөнүндө ата-энеси көпкө чейин билген эмес. Бир күнү атасы кызынын түнкү клубда жарым жылаңач бийлеп, элдин көңүлүн ачып жатканына күбө болуп калат. Ошондо Анжелина атасына “бул менин жашоом, мен өзүм билгендей жашайм” деп коёт.
Леди Гага 2006-жылы Фьюзари Роби аттуу продюсер менен таанышып, чогуу иштешип калат. Роби Анжелинага сахнага өз ысымы менен эмес, Леди Гага деген лакап ат менен чыгууну сунуштаган. 2008-жылы сары чачтуу саркеч кыздын талантын, өзгөчө стилин Голливуддун супер жылдыздары Ферги, Бритни Спирс, Мадонна сыяктуу ырчылар баалап, ыр жазып берүүнү өтүнүшөт. Гага мындан, албетте, баш тарткан эмес.
Ошентип, Леди Гага атактуулукка жетип, “Just Dance“ (“Жөн эле бийле”), “Poker Face“ (“Таанылгыс жүз“) ж.б. көптөгөн хит ырларды жараткан.
28-марттын жылнаамасы.