ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: Мындан 32 жыл мурун обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов каза болгон

Мындан 32 жыл мурун, 1984-жылы 29-мартта обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августта Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
Ал эми 1963-1967-жылдары "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965-1973-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1973-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген.
Жолдубай Кайыпов 1981-жылдан тартып жогорку категориядагы диктор болгон. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн "Эң мыкты диктор" сынагынын жеңүүчүсү деп табылган. Көптөгөн телеберүүлөрдү, айрыкча "Ыр кесенин" ажарын ача алып барган. 70тей обондун автору, ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним", “Атам менен энеме", "Көл үстүндө", "Жашчылык", "Алгачкы кадам", "Кел бийлейли, ырдайлы" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. 1985-жылы көзү өткөндөн кийин "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан. Улуу таланттын ысымы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Күч айылындагы мектепке берилген.
29-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raku
2016-03-29 11:37:37
Агайдын ырлары дайым эсибизде...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан