Айтылуу ак таңдай акын, комузчу, дастанчы Тууганбай Абдиев тирүү болгондо бүгүн, 7-апрелде 79 жашка чыкмак.
Ал 1937-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ичке-Сай айылында туулган. 1955-жылы Токтогул райондук маданият сарайында, 1956-1961-жылдары Жалал-Абаддагы Кыргыз драма театрында иштеген. Ал эми 1961-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти болуп, 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) аяктаган.
Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Корголдон комуз менен коштоп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен аткарууну үйрөнгөн.
"Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, көк тамак", "Ак Бакай", "Лу-лу Мамажан" күүлөрүн, "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун жана башкаларды мурдагы авторлордун деңгээлинде аткарбастан, өз чеберчилиги менен алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Ошондой эле "Эрке кыял" аттуу күүнүн автору. Акындын "Таңшы комуз" (1979-ж.), "Ыр канатында" (1984-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн.
Тууганбай Абдиев "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" (1986-ж.), "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" (1993-ж.) ардактуу наамдарын алган. Ошондой эле төкмө акындардын "Ак таңдай - 1993", "Манас 1000" Эл аралык айтыштарынын, "Курманбек - 500" дастанчылардын сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында көз жумган. Кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү 2008-жылы 3-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.