ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: Бүгүн 45 жашка толуп жаткан ырчы, актриса Венера Сатылганова: "18ге толгондогу туулган күнүм эстен кетпейт"

Бүгүн, 9-апрелде ырчы, актриса Венера Сатылганова 45 жашка толду. Ырчы өздүк майрамын үйүндө жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн айтты. "Биз туулган күнгө жакшы маани беребиз. Өкүнүчтүү, мына бүгүн 45 жашка толдум (күлүп). Бул күнү бир туугандарым айттырбай келишет, андыктан мен шымаланып киришип, дасторкон даярдап жатам",- дейт ырчы.

Ал эми туулган күн ээсинен эсте калган туулган күнүн айтып берүүнү суранганыбызда төмөнкүлөргө токтолду: "Өзгөчө туулган күндү 18 жашка чыкканда белгилегем. Ал туулган күн мектепти бүтүп жаткан жылдарга туура келсе керек эле. Теңтуштар болуп белгилегенбиз. Зейнеп Шаакеева айтмакчы, балалык дал ушул курак менен аяктайт экен. Бирок мен кийин "18 жаш" деген чыгарманы так секирип ырдап жүргөндө Зейнеп эже сынга алган. Анын айтымында, ырчы 18 жашты эстеп, бактылуу балалык, эстен кеткис күндөр артта калганын эстеп, муңдуу ырдаш керек экен".

Венера Сатылганова Токтогулда төрөлүп-өскөн. Ырчы көпчүлүккө "18 жаш", "Жаш тилек", "Ай чыкканда балбылдап", "Алгачкы сүйүү", "Жанар тоо", "Дил кайрык" деген ырлар менен таанылган. Ал эми кино жаатында Венера Сатылганова "Чиркин өмүр" тасмасында Карачачтын, "Кууш жолдо" киносунда Салтанаттын ролун жаратып эл оозуна алынган.

9-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aikokul14
2016-04-09 13:52:36
Издейм сени рубрикасына кантип билдируу калтыра алам,Админ.байке жардам беринизчи.
0
admin_portal
2016-04-13 15:56:13
aikokul14, саламатсызбы! Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28
0
Mahabat84
2016-04-09 15:10:43
Туулган куну кут болсун.Уй булоосуб барбы Жана суроттору болсо кененирээк маалымат болсо
0
guzatkubaanvar
2016-04-09 15:10:48
Туулган кунунуз кут болсун!Коп жашап уулунуздун жакшылыгын корунуз!
+2
Kuba-savai87
2016-04-09 17:07:02
Куттуктайбыз. Баланыз жакшы болуп калдыбы ошол жонундо маалымат алып бериниздерчи.
+1
admin_portal
2016-04-13 15:55:14
Kuba-savai87, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Kroxa
2016-04-09 19:36:09
Бул тунгуч театрындагы мурат мамбетовдун аялы да
0
ulan_sabina
2016-04-09 20:06:26
Тааныбайт экем ушу ырчы актриса аялды гулнур сатылганованын эжесиби окшош экен
0
aszyma
2016-04-09 23:26:21
Гулнур Сатылганованын синдиси болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан