1957-жылы 9-апрелде Фрунзе шаарында Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жарыкка келген. 1974-1984-жылдары Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы Сүрөтчүлөр академиясында билим алган. Кыргыз мамлекетинин жана СССРдин Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1988-жылы), Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк заманбап искусствонун баш байгесинин ээси (1990-жылы), Азия мамлекеттеринин көргөзмөсүндөгү алтын медалдын ээси (1989-жылы), Азия Биэналынын алтын медалынын ээси (1999-жылы, Дакка, Бангладеш), Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси (2000-жыл), Сүрөтчүлөр союзунун академиги (2005-жыл). Юристанбек Шыгаев учурда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук музейинин директору болуп эмгектенүүдө.
9-апрелдин жылнаамасы.