ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: Белланын ролу менен белгилүү болгон америкалык актриса Кристен Стюарт 26 жашка толду

1990-жылы 9-апрелде америкалык актриса Кристен Стюарт жарыкка келген. Ал АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Кристен Стюарттын таланты бала кезинен билинип, 8 жашынан баштап тасма талаасына аралаша баштаган. Алгачкы эң чоң ролу голливуддук Дэвид Финчердин "Коркунуч бөлмөсү" ("Комната страха") тасмасында 2002-жылы болгон. Андан соң актрисага удаасынан сунуштар түшүп, ал дүйнөгө белгилүү режиссёрлор менен иш алып барган. Актрисага атактуулукту "Күүгүм" тасмасы алып келген. Бул тасмада ал Белланын ролун жараткан.

2013-жылы белгилүү "Forbes" журналы Кристен Стюартты Голливуддагы Анжелина Жоли, Женнифер Лоуренстен кийинки эң көп гонорар төлөнгөн актриса деп атаган.

9-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saltanat.
2016-04-09 22:08:37
Туулган күнүңдү кантип өткөзгөнтасың деп чалып сурасаңар болмок супер инфо))))).
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан