"Кинозал" бөлүмүндөгү кызыктуу, комедиялык мелодрама жанрдагы тасмалардын бири - "Миллиондук мелдеш". Тасманын режиссёру - Сүйүн Откеев. Анда Темирлан Сманбеков, Шаршенбек Шейсенов, Дамир Абдраимов, Эгемберди Бекболиев, Айгерим Чыналы кызы, Бектемир Мамаюсупов, Саят Исембаев, Амантур Абдусалам уулу сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Сүйүн Откеев тасма тууралуу буларга токтолду: "Тасмада "Рэкетирдеги" актёр Саят Исембаевдин келип, башкы каармандардын бирин ойноп кеткени жакшы жаңылыктардын бири болгон. Кээ бири ишенген жок, айрымдары "Чын эле "Рэкетирдеги" балабы?" деп жатышты. Ал келгенде тартуучу аянтка көп адам келип, сүрөткө түшүп, кол тамга сурашып, кызыктуу тоскоолдуктарды жаратышкан. Ошондо "Рэкетир" тасмасынан кийинки популярдуулугу дагы деле кете элек экенин билгенбиз.
Башкы каармандардын образын көп адамдар жаратышкандыктан, алар менен иштешүү, ар биринин образын ачып берүү кыйын болгон. Тасмадагы үн коштоо жакшы болбой калганын тасмадагы кемчиликтин бири деп билем. Себеби жандуу үн менен болгондо аябай жакшы болгон. Тасма прокатта көпкө кармалып турду. Көп каражат кеткенине карабай өзүн толук актады. Америкадагы мекендештерибизге көрсөтүлдү. Казакстандыктар да интернет аркылуу көрүшүп, жакшы пикирлерин айтып жатышты".
Тасма жалпы адамзатты кызыктырган, бирок жообу оңой менен табылбаган суроого жооп издейт. Жашоодо эмне күчтүү: бийликпи, байлыкпы, кара күчпү же ак сөз, адал ишпи? Мына ушул сыяктуу суроолорго тасмадан жооп таба аласыз.
"Миллиондук мелдеш" тасмасын бул жерден көрүңүз.