Бүгүн, 11-апрелде "тамашоучу", шоумен Азамат Исмаилов 28 жашка толду. Шоумен өздүк майрамын үйүндө жакындарынын курчоосунда өткөрүп жатканын айтты.
"Үй-бүлөлүк майрам болгондон кийин үйдө эле үй-бүлөм, туугандарым менен белгилейм. Негизи, мен туулган күн эмне экенин, ушундай майрам бар экенин билчү деле эмесмин, 4-классымда билгем. Бир күнү мектептен үйгө келсем таякелерим белектерин көтөрүп келип калышты. Мени куттуктап, алып келген белектерин берип жатышты. "Эмне болду?" десем, "бүгүн сенин туулган күнүң да" дешкен. Ошондон кийин туулган күн деген майрам бар экенин билип, анын келишин күтүп баштагам",- дейт күлкү жаратуучу.
Азамат Исмаилов Нарын шаарында туулган. 6-классынан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окуган. Кийин көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн. "Тамашоу" долбооруна алгач "Жигиттер" командасы менен келип, кийин "Тамадалар" командасы менен оюн көргөзө баштаган.
11-апрелдин жылнаамасы.