Бүгүн, 13-апрелде ырчы Кундуз Канатбек кызы 29 жашка толду. Ырчы өздүк майрамын белгилебей турганын айтат. "Маанайым жакшы, курбуларым көп болгондуктан, кээде баарын чогултуп өздүк майрамды тосчу элем. Бул жылы белгилегим келген жок",- дейт ырчы.
Кундуз Канатбек кызы Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамын Спорт Ордосунда чоң концерттердин биринде таштаган. Кийинчерээк топто ырдоо кыйынчылык туудуруп, өзүнчө ырдап чыгууну чечкен. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова жардам берип, Мурат Жолукеев менен иштешкен. 2013-жылы продюсерлүү болуп, курбусу, "Версус" бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштаган. Кундузга өзгөчө атактуулукту 2008-жылы ырчы Сема менен биргеликте аткарган "90-60-90" аттуу ыр алып келген.
13-апрелдин жылнаамасы.