№50-абактан качкан кылмышкерлердин иши эртең каралат

Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши 26-апрелде каралат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Свердлов райондук сотунун канцеляриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, соттук кароону Свердлов районунун судьясы Санжар Чотонов карайт. Абактан качып кеткендердин бири Эдил Абдрахманов жана каза болгон Алтынбек Итибаев жашынган үйдүн ээси Нурсият Рысбекованын үстүнөн козголгон кылмыш иши каралмакчы.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалган. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_3
2016-04-25 20:29:29
Каралганда эмне болмок эле ?
Саясий оюндан чыккан иш да, канчалаган адамдар өлүп кетти.
Бюджетке канча чыгым болду.
Бирок дүйнөлүк терроризмге каршы уюмдардан бирөөлөрдүн чөнтөгү толуп калды, террористтер менен күрөшүп жатабыз деп. Калп эле ИГИЛдин активдүү мүчөлөрү менен алышып жатабыз деп.
+2
A3A
2016-04-25 23:56:39
Жаз бар куз бар карай беришет да шашпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан