Түрмөдөн качууга аракет жасаган 9 кылмышкердин бешөөсүн Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору кармашты (фото)

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан качып кетүүгө аракет жасаган 9 кылмышкердин бешөөсүн Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 01:00 чамасында Ленин айылында инспекторлор Тойота-Эстима үлгүсүндөгү автоунааны токтотууга аракет жасашкан, бирок айдоочу аларга баш ийбей кете берген. "Мындан улам жол-кайгуул кызматкерлери бул унааны кубалашкан. Инспекторлор асманга эки жолу ок чыгарса да, айдоочу буга маани берген эмес. Ошондо инспекторлор унаага ок чыгарганда, айдоочу аны токтоткон. Унаанын ичинен 8-9 адам чыгып, ар тарапка качып кетүүгө аракет жасаган. Инспекторлор алардын бешөөсүн кармаганга жетишишти. Калганы качып кетти",- деп билдирет мекеме.

Маалым болгондой, текшерүүдө кармалгандардын жанынан саюучу-кесүүчү буюмдар табылган. Учурда калган кылмышкерлерди издөө боюнча ыкчам иликтөө амалдары уланууда.

Түрмөдөн качууга аракет жасап кармалгандар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Sayragul
2015-10-12 12:18:33
ГАИ кызматкерлерине азаматсынар. Милиция кызматкерлерине рахмат, элдин тынчтыгын камсыз кылган.
+9
Aitolkun91
2015-10-12 12:32:56
ар бир баскан кадамыбыздын наркы дуйнодо сурагы болот бул жарык дуйнодо жооп бербесе кыямата жооп беришет кудайым баарын кооруучу билуучу
+3
Apsi
2015-10-12 12:47:14
кебетелери элу коркунучтуу го
+3
Nadir27
2015-10-12 13:10:06
Сакалы бар чал зоордуктоо боюнча камалды беле адашпасам.
+4
buran12
2015-10-12 13:34:08
Nadir27, менда ошол чал болсо керек дер ойлодум.
+2
bayana1987
2015-10-12 14:10:16
Nadir27, мен да ошону байкадым. Туура байкагансыз. Адашкан жоксуз.
+1
Aikyn93
2015-10-12 13:12:09
бут баары молдо буларга караганда биз молдо болбосокта тазабыз молдо болбой эле койгулачы
+5
Tatli_Melek
2015-10-13 00:24:37
Aikyn93, булар динди жаман көргөзгөндөр! Аларды "Молдо" десеңиз, жаңылышкан болосуз.
0
nurkojo
2015-10-12 13:19:43
Ким айтты молдо деп....
0
bayana1987
2015-10-12 14:09:48
Наристе кызды атасы балдары менен зордуктап жүргөндөр да жүрөт. Сүрөттөрдү жакшылап карасаңыздар. Эми жазаңарды укук коргоо органдары берсин. Желмогуздар десе...
+3
Mars55
2015-10-12 14:27:13
Кантип качышкан ошону такташ керек ким качырган
0
MAKALAK
2015-10-12 14:58:26
Бабанов ХХХ гаи жок кылам камера коем дейт зоокурлорду тааный белен камерадан доверность да жок кылган корунгон машинаны минип кете бере
+3
admin_portal
2015-10-12 15:15:06
MAKALAK - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
0
bayana1987
2015-10-12 17:48:29
MAKALAK ой тобоо..андай кылмыш жасалган сигнал болгондо атайын кызматтагылар учуп эле чыгат. Чон шаарлардын баарында эле ошондой. Видео байкоолор коюлган. Анан да бул жерде Бабановдун кандай тийешеси бар?
-1
Deniza88
2015-10-12 18:01:06
Мдаа кыргызымдын жигиттери ... Сакалчандарды мен аябай сыйлайт элем
0
Tatli_Melek
2015-10-13 00:23:11
Deniza88, сакалчандын баары молдо эмес абже
0
Bekchoro
2015-10-12 18:47:13
ИГИЛдердин суроту менен кепка кийип жургонун кара, бечара 3 кызматкердин жакындары, бала-чакасынын убалы урсун силерди.
+2
misster88
2015-10-12 19:09:45
Буларга олум жазасын бериш керек, ой лонбой туруп эле
+1
Shat.88
2015-10-12 20:35:00
Олум жазасына тартуу беренесин кигизсе жакшы болот эле окмот.
+1
Tatli_Melek
2015-10-13 00:20:54
Кармалбай жүргөндөрү табылыптырбы?
Биз жакты солдаттар басып кетти го, үйлөргө чейин кирип карап
0
Tuke8686
2015-10-13 10:56:37
олум жазасын бериш керек акмактарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан