Нарын облусундагы Кочкор районунун сейил багы каралбай, абалы начар экенин WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына окурман кабарлады.
"Биздин сейил багыбызды караган эч ким жок. Фонтандар талкаланып, отургучтар сынып, тосмолору талкаланып, дарактар сугарылбай, куурап, кулап калганы да бар. Албетте, буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү гана эмес, тургундар да күнөөлүү. Сейил бактын ичи таштандыга толгон. Илгери салынган ажаткана урап, Ооган согушунун ардагерлеринин эстелиги талкаланган. Тургундарды таштанды таштабоого, отургучтарды сындырбоого чакырам. Ошондой эле оңдоп-түзөөнү акимчиликтен суранам", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.