ЖЫЛНААМА, 3-ИЮНЬ: Экс-депутат, Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева 44 жашка толду

Экс-депутат, Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева 44 жашка толду. Ал 1972-жылы 3-июнда Орусиянын Ленинград шаарында туулган. 1989-жылы Бишкектеги №61-физика-математика мектебин алтын медаль менен аяктаган. Ошол эле жылы Москва мамлекеттик университетинин эсептөө математикасы жана кибернетика факультетине өткөн.

1992-жылы Швейцариянын Лозанна шаарындагы ишкер башкаруу магистри адистиги боюнча Бизнес мектебине өткөн. 1994-жылы магистратураны аяктаган соң БУУга ишке орношкон. 2000-жылдан тартып Швейцариянын "Intracom General Machinery S.A" компаниясынын кыргыз жериндеги өкүлү катары иштеген. Ал эми 2003-жылдан тартып "Ага-хан" фондунда эмгектенген.

2005-жылы март айында Жогорку Кеңештин III чакырылышына депутат болуп шайланган. Төңкөрүштөн кийин, май айында Борбордук шайлоо комитети Акаеваны депутаттык мандатынан ажыраткан.

3-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sezim.A
2016-06-03 12:05:22
Талкуу жабык.
+5
bond0202
2016-06-03 14:57:30
мынча сулуу,молтуройтко тим эле
+1
barakcha
2016-06-03 16:46:32
Адамдын сырткы кебетесинен эле билинет го кандай экени.Ден соолукта омурунуз узун болсун!
+1
dubai
2016-06-03 17:22:02
абдан жонокой,маданияттуу,акылдуу айым..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан