ЖЫЛНААМА, 3-ИЮНЬ: 75 жыл мурун Кыргыз музыкалык драма театры "мамлекеттик" деген макам алган

75 жыл мурун, 1941-жылы 3-июнда Кыргыз музыкалык драма театры "мамлекеттик" деген макам алган. Кыргыз жериндеги музыкалык маданияттын борбору 1937-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында Музыкалык драма театры болуп түзүлгөн. Алгач опера спектаклдери кыргыз жана орус тилдеринде коюлган.

Кийин ага композитор Абдылас Малдыбаевдин ысымы берилген.

1942-жылы 17-августта бул театр Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайрадан түзүлгөн. Театрда 1942-жылы ноябрда "Көкүл", бир жылдан кийин декабрда "Ким кантти?" опералары, 1944-жылы "Чолпон" балети коюлган.

3-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан