Бүгүн, 17-июнда Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун 2-турунда кезектеги 3 беттеш орун алат. Беттештер "Е" жана "D" тайпаларында болмокчу.
"E" тайпасы, 2-тур
ИТАЛИЯ-ШВЕЦИЯ
Тулуза шаары. "Стадьом-де-Тулуз" стадиону
Калыс: Виктор Кашшаи (Венгрия)
Башталышы: 19:00 (Бишкек сааты боюнча)
Тайпада алгачкы оюнда Бельгияны 2:0 эсебинде утуп алган Италия курамасы лидерлик сапта атын жазып келүүдө. Ал эми 1-турда Ирландия менен 1:1 эсебинде тең ойногон Швециянын карамагында 1 упай бар. Златан Ибрагимовичтин командасы плей-офф баскычынын камын ушул беттеште көрүшү керек. Бул жолку жеңилүү шведдерди тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт, себеби чечүүчү оюн 3-турдагы Бельгия-Швеция беттеши болмокчу. Ал эми Италия курамасы Бельгияны утуп, өзүнө болгон ишенимди бир топ арттырып алды. Аларга азырынча плей-оффтун жолдомосу оңой тийчүдөй болуп турат.
"D" тайпасы, 2-тур
ЧЕХИЯ-ХОРВАТИЯ
Сент-Этьен шаары. "Жоффруа Гишар" стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
Чехия курамасы 1-турда болгон аракетин жумшап, Испаниядан 1 упай алууга аракет кылган. Бирок 87-мүнөттө Жерар Пике киргизген гол Чехиянын бардык пландарын бузуп, команда упайдан куру калды. Бул жолу Чехия атаандашы Хорватиядан упай алганга жан үрөйт, бирок чабуулдук өңүттө мыкты ойногон Хорватиянын футболчулары майданга колдорун чөнтөккө салган абалда чыкпайт. Андыктан деңгээли жагынан бирдей болгон бул командалардын оюну күйөрмандарга кезектеги кызыкты тартуу кыларынан шек жок.
ИСПАНИЯ-ТҮРКИЯ
Ницца шаары. "Стад-де-Нис" стадиону
Калыс: Милорад Мажич (Сербия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Түркияда басылмалар кураманын 1-турда Хорватияга утулганын катуу сынга алышты. Бул жолу түрк футболчулары Европанын учурдагы чемпионуна каршы турушат. Албетте, өз дарбазасын кургак сактоо менен катар түркиялыктар атаандаштын Хуанфран, Пике, Рамос жана Альба жооптуу болгон коргонуусун жарып киргенге аракет кылышат. Мелдештин мыкталарынын бири - Испания жеңишке башкы талапкер. Командада 1-турдагы жеңиштен кийин мыкты маанай, жеңиш үчүн болгон каалоо сакталып турат.
МЕЛДЕШ ЖАДЫБАЛЫ: