Францияда футбол боюнча Европа чемпиондугунда Италия курамасы Бельгияны 2:0 эсебинде утуп алды. "Е" тайпасындагы 1-тур оюнунда италиялыктар ишенимдүү оюн алып барышты. Буга бельгиялыктардын арты-артынан уюштурулган чабуулу жолтоо боло алган жок. Албетте, Бельгия топко ээлик кылуу, чабуул уюштуруу жагынан артыкчылык кылып жатты. Бирок кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу, аны голго айлантууда Италия мыкты болду.
Италиялыктар бул жеңиш менен ишенимдүү 3 упайга ээ болуп, "Бельгия жеңип чыгат" деген серепчилердин оозун жапты.
Италиянын курамынан 32-мүнөттө Эмануэле Жаккерини айырмаланды. Ал топту жогорку чеберчилик менен токтотуп, андан соң топко дарбаза торунан орун таап берди. Бул гол оюнчуларга моралдык жактан таасир эткени менен, эки команда тең оюн стилин өзгөрткөн жок: баштагыдай эле Бельгия топко ээлик кылса, Италия каршы чабуул уюштуруу аракетин көрүп жатты.
Оюн аягына чейин бельгиялыктардын аракеттери майнап берген жок. Бул учурдан пайдаланган италиялыктар акыркы мүнөттө ийгиликтүү каршы чабуул уюштуруп, аны гол менен жыйынтыкташты. Бул жолу Грациано Пелле айырмаланды.