Франциядагы Европа чемпиондугунун 1-тур оюндары футбол сүйүүчүлөрүнүн купулуна толуп жатат. 13-июнда "Е" тайпасында Ирландия жана Швеция курамаларынын беттеши орун алды. Деңгээли боюнча көп айырмаланбаган курамалардын беттеши 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Алгачкы таймда шведдер көбүрөөк топко ээлик кылышканы менен, кооптуу кырдаалдарды ирландиялыктар көбүрөөк жаратышты. Өзгөчө Жеффри Хендрик алыстан сокку узатып, топ дарбаза устунуна таамай тийди. Бул ирландиялыктардын гол жаратууга жакын экенинен кабар берип, швециялыктардын шаштысын алды.
2-таймдын башталышында Уэсли Хулахан гол жаратып, түндүк европалыктарды алдыга чыгарды, бирок алардын артыкчылыгы көпкө созулган жок. Златан Ибрагимович баштаган швециялыктар 71-мүнөттө эсепти теңешти. Златан дарбазага жакын жерден сокку узатканда коргоочу Киран Кларктын башына тийген топ дарбазадан орун алды. Натыйжада командалар ушул эсеп катыштыгында оюнду жыйынтыктап, бирден упайга ээ болушту.