Учурдагы Европа чемпиону Испания курамасы континент биринчилигин жеңиш менен баштады. "D" тайпасында 1-турда испаниялыктар Чехия курамасын 1:0 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болушту. Оюндагы жалгыз голду Жерар Пике 87-мүнөттө киргизди.
Испаниянын футболчулары 90 мүнөт бою оюндун жүрүшүн көзөмөлдөп турушту. Чехия курамасы маал-маалы менен каршы чабуул уюштуруп жатты. 1-таймда дарбазачы Пётр Чех дарбазасын бир канча ирет коргоп калды. 2-таймда деле испан футболчулары баштагы активдүүлүгүнөн жазышкан жок. Эч нерсе ойлоп таба албаган Альваро Мората машыктыруучунун көрсөтмөсү менен Ариц Адурицке алмаштырылды. Бул көрүнүш оюндун жандануусуна шарт түздү. 87-мүнөттө Андрес Иньеста топту алып, чабуулга кошулган Жерар Пикеге көтөрүп берди. Пике топту дарбазанын оң бурчуна таамай багыттап, эсепти ачты. Бул убакытка чейин жана андан кийин да чехиялыктар гол жаратуу мүмкүнчүлүгүн колдоно алышкан жок.
1-тур оюндарынан кийин "D" тайпасында абал төмөнкүчө:
1. Испания - 3 упай
2. Хорватия - 3 упай
3. Түркия - 0 упай
4. Чехия - 0 упай