Тынбай жааган жамгырдан улам Таластагы дарыя суусу токойду каптоодо. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул токой ичиндеги шаардын стадионуна барган жол жана көпүрө. Стадионду каптаган жок. Суу бир аз тартылгандагы көрүнүш. Бул киши болсо кайырмак салып отурат. Балыкчыга баары бир окшойт... Эми мындан ары күн ачылып кетсе экен", - деп жазат окурман.
Маалым болгондой, Советтер Союзунун мезгилинде бул жай Комсомол көлү деп аталчу. Талас шаарынын тургундары жайында сууга түшүп, кышында муз тебишет.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.