ЭЛДИК КАБАР: Бишкектин 59 жаштагы тургуну үйүнө көчөдөгү таштандыларды чогулта берип, үйүнүн ичи таштандыга толуп кеткен (фото)

Бишкектин Кожзавод районундагы эки кабаттуу, көп үй-бүлө жашаган үйдүн жашоочусу Евгений Семёнов үйүнө көчөдөгү таштандыларды чогулта берип, үйүнүн ичи таштандыга толуп кеткенин окурман SUPER.KG'ге 27-июнда WhatsApp аркылуу кабарлады.

Окурмандын айтымында, аталган үйдүн жашоочулары анын үйүндөгү таштандыларды сыртка чыгара берип тажап бүтүшкөн. "3 жыл мурун да үйүнүн ичине таштандылар толуп кетип, сыртка чыгарганбыз. Бүгүн да таштандыларды чыгардык. Көчөдөн көзүнө көрүнгөн таштандыны үйүнө топтоп алат. Биз турган үй 2 кабаттуу. Ал астынкы кабатта тургандыктан, үйдүн дубалдары нымдуу болуп кеткен. Үй кулап түшпөсүн деп тазалоого аргасызбыз, спирт ичимдигин көп ичет. Жергиликтүү бийликке кайрылып, пайда тапкан жокбуз", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Izdeim_seni.
2016-06-27 18:09:08
Это болезнь
+1
Jazi89
2016-06-27 18:09:43
Бул ооруйт ко психологиялык жактан жабыркаган буну доктурлардын козомолунон откоруп психнаркалогия болумуно жаткырыш керек
+2
hubabubba
2016-06-28 05:38:26
Баарынар Доктор Хаус болуп кетипсинер го)
0
bokochooo
2016-06-28 09:41:09
Jazi89,буну эмес "муну" десен
+1
Shahro
2016-06-27 18:22:03
Бул оору да
0
mma_fighter
2016-06-27 18:43:36
Керек болот деп чогулта берген да
+2
tashi62
2016-06-27 18:45:11
Таштандынын түбүндө калып өлбөсө эле.
-3
MARAT.OZGON
2016-06-27 19:31:21
Темирлерин жогултуп сатып акча кылам десе керекда!
+2
vivi
2016-06-27 20:30:05
Синдром Плюшкина
+5
Komrad
2016-06-28 07:33:42
"жокбуз", "коркбо" деп жазбагылачы, кыргызымдын жаш муундары!! Жокпуз, коркпо-туурасы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан