"АНГЛИЯ КУРАМАСЫН УТСАҢАР, БААРЫҢАРДЫН ЖАШООҢОРДО ЧОҢ ӨЗГӨРҮҮ БОЛОТ"
Исландия 1944-жылы Даниядан көз карандысыздыгын жарыялап, көп жылдар бою экономикасын көтөрүү аракетин көрүп келет. Мындай мамлекетте спорт менен маданиятка жетиштүү көңүл бурулбасы белгилүү. Ошондуктан Исландия Европадагы футбол гүлдөп-өнүккөн мамлекеттердин катарына кирбейт. Өлкөнүн курамасы буга чейин тандоо турларында мелдештен четтеп калып жүргөн. Франциядагы Европа чемпиондугунун финалдык баскычына чыккан команда эми минтип бир келген мүмкүнчүлүгүн ийгиликтүү колдонуп, дүйнө элин өзү тууралуу сөз кылууга мажбур кылды. Бул ийгиликке машыктыруучу Ларс Лагербектин салымы чоң. Машыктыруучу жаштарга өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен катар аларды ар оюн алдында катуу шыктандырып келет. Мисалы, Англия курамасына каршы беттеш алдында анын "балдар, Англияны утсаңар, баарыңардын жашооңордо чоң өзгөрүү болот" деп айтканы белгилүү болду.
КРИШТИАНУ РОНАЛДУНУН СӨЗҮН ЖОККО ЧЫГАРДЫ
Исландия курамасы машыктыруучу айткандай эле Англияны утту. Футболчулар учурда жашоосунун өзгөргөнүн, мүмкүн, сезе элек, бирок ушул күндөн баштап Исландияда келечек муундун миңдеген өкүлдөрүнүн жашоосу өзгөрөрү белгилүү. Себеби 322 миң калк жашаган Исландияда футбол секциясына барган жаш балдардын саны артат. Өлкө президенти баш болуп күйөрмандардын командага кызуу жан тартып жатканы бекеринен эмес.
Белгилүү англиялык футболчу, учурда эксперт катары иштеп келген Гари Линекер мекендештеринин Исландияга жеңилгенин төмөнкүчө сынга алды: "Англия профессионал футболчуларга караганда жанар тоолор көп өлкөгө утулуп калды. Англия Европа менен бардык жаатта коштошууну чечкен окшойт" (ред. - Британиянын Евросоюздан чыкканын кыйытты).
Профессионал футболчуларга караганда жанар тоосу көп өлкөнү мелдеште бир дагы команда ута элек. Ошол эле Португалия, Венгрия жана Австрия бул команданы тизе бүктүрө алган жок. "Исландия курамасы мелдеште алдына эч кандай максат койгон жок. Коргонууда "жатып алып" кантип футбол ойносун?!" деген Криштианунун сөзүн алар жокко чыгарышты окшойт.
Тайпалык баскычтагы оюндар:
Жарым чейрек финал:
Чейрек финал:
Исландия-Франция (оюн 4-июлда орун алат)
ЭҢ КЫМБАТ ФУТБОЛЧУСУ 13 МИЛЛИОН ЕВРО
Курамдагы эң кымбат оюнчу – Гильфи Сигурдссон, 26 жаштагы футболчунун наркы 13 миллион еврого бааланат. Ал кезинде "Тоттенхэм" клубунда ойноого жетишкен. Ал учурда Исландиянын бардык чабуулдарын уюштуруу, өнүктүрүү менен алек. Курамда дагы өзгөчөлөнө алган футболчулар Биркир Бьярнасон (№8) менен Арон Гуннарссон (№17). Алар лидер катары өздөрүн мыкты көрсөтүп, ар бир оюнда айырмаланып жатышат.
Дарбазачылар: Ханнес Халльдоурссон ("Буде-Глимт" клубу, Норвегия), Эгмундур Кристинссон ("Хаммарбю", Швеция), Ингвар Йонссон ("Сандефьорд", Норвегия).
Коргоочулар: Биркир Севарссон ("Хаммарбю", Швеция), Хаукур-Хейдар Хаукссон (АИК, Швеция), Йортюр Херманнссон ("Гетеборг", Швеция), Сверрир Ингасон ("Локерен", Бельгия), Рагнар Сигурдссон (Краснодар, Орусия), Хордур Магнуссон ("Чезена", Италия), Арнор Траустасон ("Норрчепинг", Швеция), Ари Скуласон ("Оденсе", Дания).
Жарым коргоочулар: Биркир Бьярнасон ("Базель", Швейцария), Гильфи Сигурдссон ("Суонси", Англия), Кари Арнасон ("Мальме", Швеция), Рунар Мар Сигурьонссон ("Сундсвалл", Швеция), Арон Гуннарссон ("Кардифф Сити", Англия), Эльмар Бьярнасон ("Орхус", Дания), Эмиль Хадльфредссон ("Удинезе", Италия).
Чабуулчулар: Йохан Гудмундссон ("Чарльтон", Англия), Кольбейн Сигторссон ("Нант", Франция), Альфред Финнбогасон ("Аугсбург", Германия), Йон Бедварссон ("Кайзерслаутерн", Германия), Эйдур Гудьонсен ("Мольде", Норвегия).
КАЛКТЫН 8 ПАЙЫЗЫ ФРАНЦИЯГА КЕЛГЕН
Калктын 8 пайызы Европа чемпиондугунда билет алганга арыз берген. Исландия курамасы Англия менен беттеше турган болгондо күйөрмандардын саны дагы да арткан. Команданын башкы күйөрмандарынын катарын өлкө президенти Рагнар Гримссон жана анын жубайы толуктайт.
Команда жеңишке жетишкен соң футболчулар күйөрмандар тарапка келишти. Команда капитаны күйөрмандардын бир саамга тынч болуусун суранды. Эл тынчыган соң гана футболчулар жана күйөрмандар хор менен алакан чаап, баары бир максатты - жеңишти көздөй турганын көрсөтө алышты. Команда улам упай алып же жеңишке жетишкен сайын күйөрмандардын жүрөгү толкуп жаткан маал.
БУЛ БАСКЫЧТА ЖЕҢИЛҮҮ - ЖЕҢИШКЕ ТЕТЕ
Исландия испаниялык "Атлетико", англиялык "Лестер", орусиялык "Ростов" сыяктуу ийгиликке жетишти. Команда өлбөстүккө карай жол алды десек болот. Тактап айтканда, команда курамында атактуу оюнчулары жок эле ийгилик жараткан команда көпкө унутулбайт. Чейрек финалда алар үй ээси Франция менен беттешет. Бийлик жана калк алдында ийгилик жаратууга милдеттүү болгон Франция, мүмкүн, Исландияны утат. Бирок бул баскычта утулуу Жер жүзүндө аз убакытта миллиондогон күйөрман чогулткан намыстуу элдин уулдары үчүн - жетишкендик. А балким, бул жомок дагы да уланат чыгар... Убакыт көрсөтөт...