Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин түзүү тартибинин жаңы усулу сунушталды

Жогорку Кеңеште мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн тарифин кайра ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсиялык камсыздандыруу ишин өркүндөтүү чаралары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында камтылгандыктан, өкмөт анын мыйзамдык базасын өркүндөтүүдөн баштаганын, ошондон улам пенсиялык камсыздандыруу тарифин орточо эмгек акыга байлаган мыйзам долбоору даярдалып, парламенттин кароосуна сунушталганын белгиледи. “Социалдык фонддун бюджети 45 миллиард сомду түзөт, анын ичинде 17 миллиард сом мамлекеттик бюджеттен берилет. Бирок ал бардык керектөөлөрдү жаба албайт”, - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр пенсия багытында жумшалуучу каражаттын жетишсиздигинин себептерин түшүндүрдү. Анын айтымында, жумушка жарамдуу жарандардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдө жүрөт, азыр 700 миң адам гана Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. “Стандартка ылайык, 1 пенсонерге иштеген 3 киши туура келиши керек болсо, бизде 1 пенсионерге 1 иштеген адам дал келет. “Иштегенине жараша пенсия төлөө” деген принцип бар, ал эми азыр “тилектештик” принциби менен жашап жатабыз. Азыр калкка пенсиялык фонддун түзүлүү тартибин түшүндүрүү чарасы көрүлүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Исхак Пирматов да ушундай эле өңүттөгү “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуш кылганы белгилүү болду. Мыйзам долбоорунда жер тилкесинин аянтына жана жер түрүнө жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коюмдарын ажырымдап бөлүү чарасы каралган. Демилгечинин пикиринде, мындай коюмдар юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн баарына тең, бирдей шарттарын камсыз кылат. Ал депутаттарды өкмөттүн мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырды.

Эске салсак, 2016-жылдын 24-июнунда өткөн фракциялардын биргелешкен жыйынында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети эки мыйзам долбоорунда тең алгылыктуу сунуштар бар экенин белгилеп, эки мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо жүрүшүндө бириктирүү керек экенин белгилеп, эки тараптын өз ара макулдашуусу зарыл деген чечимге келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан