Бүгүн, 30-июнда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган окурмандын айтымында, алар менен жолугушууга Өкмөт үйүнөн эч ким чыккан жок. Митингге чыккандар окуу жайда өткөн тандоо сынагынан өтпөй калышкандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигине нааразы болушууда.
"Окуу жайдын жетекчилигине каршы пикир айтып жүргөн окутуучулар, декандар сынактан өтпөй калышты. Ошондой эле жетекчилик куугунтукка алып жатат. Ошондуктан сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурдук, бирок бирөө да чыккан жок. Азыр Ак үйдүн алдына келдик", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.