ЭЛДИК КАБАР: Улуттук университеттин окутуучулары кайрадан митингге чыгышты (фото)

Бүгүн, 1-июлда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучулары кайрадан аталган окуу жайдын алдына митингге чыгышканын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. "Учурда митингге чыккан мугалимдерди милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат. Окуу жайдын жетекчилиги да аларды окуу жайдын имаратына киргизбей жатат", - деди ал.

Алар кечээ да Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, бирок эч ким менен жолуга алышпагандыктан Ак үйдүн алдына барышкан. Алар менен депутаттар Садык Шер-Нияз, Евгения Строкова, Альфия Самигуллина жолугушкан.

Садык Шер-Нияз окутуучулардын алдында туруп билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага телефон чалып, андан Улуттук университетте өткөн окутуучуларды тандоо боюнча сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Митингге чыккандар окуу жайда өткөн тандоо сынагынан өтпөй калышкандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигине нааразы.

"Окуу жайдын жетекчилигине каршы пикир айтып жүргөн окутуучулар, декандар сынактан өтпөй калышты. Ошондой эле жетекчилик куугунтукка алып жатат. Ошондуктан сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурдук, бирок бирөө да чыккан жок. Азыр Ак үйдүн алдына келдик", - деп билдирген эле окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erjigit-e.15
2016-07-01 16:25:16
Татыктуулар окутушсун
+1
adilbars
2016-07-01 16:31:39
Буга чейин иштеп келип, анан жараксыз болуп калышканы кандайча? Аттестация менен мындай маселелер чечилбесе керек. Штаттык кыскартуу зарыл болсо унижение кылбастан, университеттин аброюн да ойлоп чара корбогон экен. Улуттук университетте ушу кезге чейин тийешелуу билимдери кем болгон окутуучу курам иштеп журсо, ошо жетекчилик кайда карап жургон. Анын устуно ишке конкурс менен киришкен болсо керек алар. Кыскасы бардык окуу жайлар азыртан ойлонушсун да! Ректорлор уктабай ойгонушсун!
+2
ice87
2016-07-01 16:33:23
Сынактан отпосо демек,талапка жооп беришпейт.Эки создун башын бириктирип суйлой албагандар журот окутуучу болуп.Озундо билими жок болсо кантип студенттерге сабак берет?Студенттерди да оздорундой чала билимдуу кылышат.Татыктуулар гана иштешсин!
+1
Aitunuk
2016-07-03 14:47:03
Кептин баары ошол сынакты уюштуруу менен өзүлөрүнө туура келбеген, б.а. уюшкан кошоматчыларга каршы турган, профессор, доценттерди тизмеден чийип саласыңар деп көрсөтмө берүү менен тазалап жатканында. Тескерисинче, билимсиз, сабакта жомок айтып отурган, эптеп убакыт өткөргөн кошаматчылардын өткөнүндө болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан