SUPER.KG'ге Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургуну Айчүрөк Аманбаева 2-июлда WhatsApp аркылуу кайрылып, 4-класста окуган баласын мугалими сабап салганын айтып арызданды. Анын айтымында, баласы китебинин бир четин чийип алгандыгы үчүн Нуриса аттуу мугалими мектептин китепканасында уруп, партаны сүздүргөн. Айчүрөк Аманбаева: "Мындай мугалимдердин кереги жок, мектепте иштебеши керек. Милицияга бердик, бирок тоготпой жатат. Башка бийлик органдарына кайрылып, чара көрүшүн талап кылам", - дейт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.