Кыргыз Республикасында көзгө басар саналуу гана шаарлар бар. Алардын бири борбор калаабыз Бишкек шаары. Борбор болгон соң бүтүндөй өлкөгө таза, жашыл, өнүккөн шаар катары үлгү болушу керек эле. Тилекке каршы, башка шаарлар үчүн тескери үлгү болуп бара жаткандай туюлат. Борбор калаанын эң эле кичинекей көйгөйү - шаардагы жарнак кагаздарынын аялдамаларда, электр мамыларында, жер алдынан өтүүчү жер төлөлөрдө жана ар кайсы жерде дубалдарда илинип тургандыгы. Бул нерсе акырындык менен чоң көйгөйгө айланып бараткандай.
Бул маселе тууралуу материал даярдап жатып шаардык мэрияга кайрылып шаардын көркүн бузган жарнактар кайсы мекеме тарабынан көзөмөлдөнөрүн билүүгө аракет кылдык. Мэриянын басма сөз кызматынан аялдамаларда, электр мамыларына дубалдарга чапталган жарнамалар мыйзамсыз экендигин билдиришти.
"Мындай жарнактарды тазалоо максатында биз күн сайын рейд уюштуруп, Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери чапталган кагаздарды сыйрып, тазалап турушат. Ал тургай жарыяланган номерлерди алып, милиция кызматына да беребиз", - деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.
Бишкек шаарында чаржайыт илинген жарнактык маанидеги баракчалардын көптүгү шаар көркүн кетирип, көңүл ирээнжиткени турган кеп. Шаар ичинде жарнак кагаздары чапталбаган бир да аялдама калбаса керек. Арасында бир топ убакыттан бери илинип турган кагаздар бар. Алардын күнгө саргарып, жарымы айрылып, шамалга желбиреп тургандарына ар бир эле шаар тургуну күбө болсо керек. Мындан улам күн сайын рейд уюштурулуп, жарнактар сыйрылып, тазаланып жаткандыгы чындыкка дал келбейт.
Аялдамаларга жарнак кагазын жайгаштыруу үчүн атайын орундук бөлүнгөн. Ага карабай жарнак тактасынын айланасына, аялдаманын арткы тарабына да илип салышкан. Борбор калаадагы Чүй кең көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамадан жогорудагыдай көрүнүштү байкадык. Мындай абалды башка көчөдөгү аялдамалардан да көрүүгө болот.
Компьютерде терилип бадырайта жазылган кагаздарда жумушка алуу, ижарага үй берүү, турак жай сатуу, спорттук машыгууга чакыруу, Ысык-Көлдө эс алуу, кеңсеге жумушка алуу, тигүүчүлүк кызматын сунуштоо, дипломдук иш жазуу, атайын окуу курстарына чакырган маанидеги жарнактар жайгашкан.
Алардын арасында шоу-бизнес чөйрөсүндөгү, түпкү маанисинде маданиятка кызмат кылып жаткан ырчылардын концерттерине чакыруу афишалары да бар. Ал эми терең маанини камтып, коомду тарбияга чакырат деп тартылган кинолорго чакырган афишалар да шаардын көркүн кетирүүгө өз салымын кошууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бул туурасында эгерде илинген жарнактарда коомчулукту уят иштерге үндөгөн же кылмыштуулуктун курамы болсо гана карай тургандыгын билдиришти. "Бишкек шаардык мэриясынан илинген жарнактарга айып салуу же кылмыш ишин козгоо, тартипке чакыруу боюнча бир да жолу кайрылуу келген эмес", - дейт Бишкек ШИИББинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Жакып Жумаев.
Ал эми Санитардык-экологиялык инспекциянын жалпы бөлүмүнө байланышканыбызда аталган мекеменин кызматкери "бул иш биздин ишмердүүлүккө кирбейт" деп орой жооп берип, мекемеде басма сөз кызматы бар же жок экенин билбегенине түңүлдүк. Жыйынтыгында "Милиция тартипке чакырбаса, Санитардык-экологиялык инспекцияга тиешеси жок болсо, анда жарнактар боюнча ишти ким карайт?" деген суроо жоопсуз калды.