Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыска илингендер бошотула баштады

Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыска илингендер бошотула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгачкылардан болуп 17-август күнү К.М. аттуу жаран бошотулган. Ал 2012-жылы уурулук боюнча соттолуп, үстүбүздөгү жылдын июль айында качып кеткен. Бирок 10 күндөн кийин кайра кайтып келген.

Буга чейин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, абактагы 3374 адамга мунапыс колдонулары айтылган.

Айта кетсек, адам өлтүрүү, зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоо, кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди легалдаштыруу, терроризм, адамды барымтага алуу, мыйзамсыз куралдуу топторду уюштуруу же ага аралашуу, бандитчилик, уюшкан кылмыштуу топторду түзүү, массалык баш аламандыктар, мамлекеттин коопсуздугуна жана конституциялык түзүлүшкө каршы келген кылмыштар, кызматтык кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс мыйзамынын тиешеси болбойт. Тагыраагы, бул кылмыштар үчүн соттолгондор абактан бошотулбайт жана жаза өтөө мөөнөтү кыскарбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Frunze74
2016-08-19 12:51:47
Кагаз жузундо башка, иш жузундо башка болот. Былтыры 50-абакта качкандардын бири бир канча оор кылмыш жасап, коп жылга кесилгенине карабай 2жолу мунапыска илешип, аз эле жылда азаттыкка чыкканы жарыяланды эле... Бул жолу да акча сунуштагандар илешет амнистияга...
0
Sagy
2016-08-19 22:43:04
Frunze74, Абактагылардын кобу жон жерден камалып кеткендер..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан