Бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын элчиси Висенте Солера Дьюкарды кабыл алып, 2027-жылы Кыргызстан менен Улуу Британия ортосундагы дипломатиялык байланыштын 35 жылдыгына карата падыша Карл III менен премьер-министр Энди Бёрнемди Кыргызстанга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыгы талкууланды.
Өз кезегинде элчи британ тарап таза энергетика, пайдалуу кендер, жасалма интеллект жана Лондон фондулук биржасы багыттары боюнча кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле декабрь айында Британиянын делегациясы Кыргызстанга келерин кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы элчинин кыргыз тилин мыкты билерин белгилеп, алдыдагы дипломатиялык миссиясына ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Карл III ханзаада кезинде, 1996-жылы кыргызстанга келип кеткен.