Бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Гилленди кабыл алды. Бул тууралуу Ынтымак-Ордо билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүү, экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
"Жолугушууда Садыр Жапаров банк-каржы, тоо-кен жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде элчи Стивен Гиллен АКШ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирип, Кыргызстандын экономикалык өсүшүн жогору баалады. Мындан тышкары, америкалык "Wabteс", "Boeing" жана башка компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди",- деп кошумчалады президенттин басма сөз кызматы.