Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда 20 жашка чейинки спортчулар арасында Кыргызстандын курама командасынын үч мүчөсү коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 58 килограммга чейинки салмакта Абдусомад Тынчтыкбекбеков франциялык Мохамед Суфи Шираз Ахмадды 8:1 эсебинде, 62 килограммда Селим Зунур өзбекстандык Абдулатиф Мадаминовду 4:0, ал эми 77 килограммда Султан Русланбеков француз спортчусу Адеме Азиезди 1:0 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-ноябрда кыргызстандык спортчу кыздар Саида Сабырова алтын, Кенчгүл Жээнбекова күмүш медаль жеңип алышты.