Эртең, 20-августта Кытайдын маданият жана кызматташтык кербени II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келет. 1,5 чакырымга созулган кербен 56 төөдөн жана арабалуу 10 аттан, 13 унаалык кортежден, чатыр лагеринен жана чыгармачылык топтон турат.
Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, расмий делегация Кыргыз Республикасы-Кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пунктунан, ал эми төөлөр Казакстан жактагы “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунан өтөт.
Кербендин жүрө турган жолу 355 чакырымды түзөт жана ал августтан тартып сентябрь айына чейин уланат. Катышуучулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын акциясы катары эл отурукташкан пункттардын борбордук көчөлөрүнөн жөө басып өтүшөт. Андан соң Кырчын жайлоосундагы маданий программага катышат.