Талас облусунун Кара-Буура районунун токой чарбачылыгындагы Кызыл китепке кирген жан-жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого алган экологиялык пост көзөмөлсүз калууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы кабарлады.
"Бул аймактагы корукта жапайы жаныбарлар жана канаттуулардын саны азайып кеткендигине байланыштуу аларды атууга жана кылтак салууга тыюу салынган. Ошондой эле токой чарба кызматкерлери тарабынан кайтарууга алуу милдети жүктөлгөн. Бирок аталган инспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гүлзада Ибраимованын айтымында, буга чейин инспекторлор текшерүүгө алып, бирок токой көзөмөлсүз калып жатканынан кабар алышкан. Бул боюнча Талас облустук токой чарба жетекчилигине эскертүү каттары жиберилген. Көзөмөлдүк текшерүүнүн алкагында берилген эскертүүлөргө токой чарба адистери эч кандай чара көрүшпөгөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта бул боюнча мыйзам чегинде чара көрүү аракеттерин Талас облустук башкармалыгынын инспекторлору жүргүзүп жатышканын кошумчалашты инспекциянын басма сөз кызматы.
"Инспекторлордун айтымында, акыркы кезде жаныбарларга кол салгандар менен күрөшүү күчөдү. Кол салууга жол берилбеген жаныбарларга мергенчилик кылууну токтотуу аракеттерин көрүп жатабыз", - дешет Мамлекеттик экотехинспекциянын адистери.