Бишкек шаарынын Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрү алынат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги буга чейин бир нече жолу кат жүзүндө эскертүү берилген кичи соода күркөсү алынган.
"Шаардын көркүн бузуп, мыйзамсыз турган соода күркөлөрүн алып салуу кадамдарына барып жатабыз. Жакынкы убакыт аралыгында калаадагы мыйзамсыз орнотулган башка кичи соода дүкөндөрү да алынмакчы", - деп айтылат маалыматта.