Аксы районунда быйыл 12 миң тонна кара өрүктүн түшүмүн алуу мерчемделүүдө

Аксы районунда быйыл 12 миң тонна кара өрүктүн түшүмүн алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Масалбек Мырзамамытов билдирди.

"Быйыл райондо 12 миң тоннага жакын кара өрүктүн түшүмүн жыйноо мерчемделүүдө. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 4 миң тоннага көп. Чарбакерлерибизге быйыл миң тоннадан ашуун как даярдоо мүмкүнчүлүгү жаралып жатат. Анткени быйыл район боюнча кара өрүктүн түшүм берүүсү жогору болгон", - деп билдирди Мырзамамытов.

Маалым болгондой, район боюнча 170тен ашуун кара өрүк кургатуучу кичи ишканалар иштейт. 2015-жылы 1 килограмм кактын баасы 105-110 сомго чейин сатылган.

Мырзамамытовдун айтымында, өндүрүлүп алынган түшүмдү чарбакерлер ортомчулар аркылуу Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнө сатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalima88
2016-08-19 16:32:29
Бул корсоткуч -тушум болбой калгандагы корсоткуч.Акыркы 5-6 жылда тушумдун жыйынтыгы томон корсоткуч беруудо.
Мындан 10 жыл мурда тушум ошончолук мол болчу , бирок ,баасы азыркы баадан 2 эсе арзан эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан