Кыргыз Республикасынан 16-августта ажылык сапарга учуп кеткендер 5 жылдыздуу "Замзам Пулман" мейманканасына жайгашышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алгачкы каттам менен баргандар белгилүү "Замзам Пулман" мейманканасына жайгашышты. Ажыга барчулардын калганы эртең, 20-августтан тарта Ош-Медина, Ош-Жидда каттамдары боюнча уча башташат. Эртеңки топ 250 орундуктуу учактар менен учушат. Жалпы 14 каттам болуп, акыркы тобу 29-августта Ош жергесинен учат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, быйыл ажылык сапарга өлкө боюнча 3565 адам барат. Алар 16-августтан тарта жөнөй башташкан. Ал эми зыярат кылып сапарга чыккандар 29-сентябрда кайтып келишет.