Орусиянын Приморск крайындагы мигранттар тобу өлкөдөн чыгаруу жараянын создуктуруп, Депортация борборунда күттүрүп жаткандарга нааразылыгын билдирүү үчүн төрт күндүк ачкачылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта "Интерфакс-Казакстан" маалымат агенттиги билдирди.
Жергиликтүү Коомдук байкоочу комиссиянын маалыматы боюнча, шаардагы Депортация борборунда жүздөгөн кишилер кезегин күтүп жатышат. Алардын арасында Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Украинанын жана Кытайдын жарандары бар.
Байкоочу комиссиянын төрагасынын орун басары Александр Смышляев борбордон жамааттык даттануу келип түшкөнүн, ага жүзгө жакын адам кол койгонун билдирди. Анын айтымында, ачкачылык жарыялоо акциясына 20 киши катышкан, бирок комиссия өкүлдөрү борборго баргандан кийин ал аягына чыккан.
"Марттан бери депортацияланышын күтүп жаткан адамдар бар. Алардын айтымдарында, акыркы үч айдын ичинде эч ким үйүнө кеткен эмес", - деди Александр Смышляев.
Депортация борбору адамдарга ашыкча толгонун жана алар андагы шарттарга нааразы экенин кошумчалады.
"Борбордо төшөнчү, шейшеп, дары-дармек жетишпейт, кызматкерлердин аздыгынан улам алар сейилдөөгө чыгарылбайт", - дейт Александр Смышляев. Анын айтымында, Депортация борборунда 65 киши болуш керек болсо, учурда анда 100дөн ашык киши кармалып турат. Камакта отургандардын арасында 4 аял бар.