1992-жылдагы Олимпиада оюндарынын чемпиону Марк Тьюксбери Елена Исинбаеваны өзүнүн “Твиттер” баракчасында кескин сындады:
“Допинг ичкен Исинбаева Эл аралык Олимпиада комитетинин спорттук комиссиясына кирди. Бул спортчубу? Чын элеби? Мен дүйнөлүк спорттун жетекчилерине кабатырмын. Допинг ичкен спортчулар комиссияга көрсөтүлгөнү кыжырды келтирерлик иш”.
Интернет колдонуучулар бул маалыматты катуу сын менен кабыл алып, допинг колдонуу туурасында бир дагы учур болгон эмес деп жатышты.
Эске салсак, 18-августта Исинбаева Эл аралык Олимпиада комитетинин спорттук комиссиясына мүчө болуп шайланган.