SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жылаңач уктап көрдүңөр беле?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Жылаңач уктап көрдүңөр беле?" деген суроо жылмайтты. Эс тартканга чейин уктасам керек, бирок эсте жок, ал эми эс тарткандан кийин бир да жолу ич кийимсиз уктай элекмин".
"Менин кошуна кызым жылаңач болуп уктачу. Бир күнү бөлмөсүнө кире калсам жылаңач болуп уктап жатат. "Кокуй, бул эмнең?" десем, "мен антпесе уктай албайм" деп оозумду ачырган. Анан мен дагы ошентип көрсөм жакпады, тоңуп калгам".
"Бойдок кезимде жылаңач жаткан аябай жакчу. Бөлмөмө эч ким кирбей, жыргап аппак шейшепке оронуп жаткан кандай жагымдуу. Мен дайыма ошентип жатчумун. Азыр деле көбүнчө жылаңач уктайм, бул мага кадимки эле көрүнүш".
"Мен жатып көргөм. Баары эле жатып көрүшсө керек. Анан жаман ойлоп албагыла, оорунун азабынан болчу".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.