Борбор калаадагы М.Фрунзе атындагы музейде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө 25-август күнү саат 11:00дө өз эшигин ачат. Көргөзмөгө тарых барактарындагы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүн чагылдырган сүрөт жана документтер коюлмакчы. Ошондой эле көргөзмөнүн коноктору 201-209-жылдарга таандык кыргыздар жана алардын мамлекети тууралуу байыркы документтер менен да таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы.