Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында "Достук" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата кыргыз-тажик элинин достук, ынтымак мамилесин чыңдоо максатында өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Тажикстан тараптан Исфара районунун акими Дилшот Расулзода баштаган район, шаар жетекчилери жана жергиликтүү тургундар, Ак-Сай айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын бир катар айылдарынын аксакалдары жана активдери катышты.
Иш-чараны алгач облус жетекчиси А.Халмурзаев ачып, кыргыз жана тажик эли көп кылымдар бою достук мамиледе болгондугун баса белгиледи. Буга далил катары кыргыздын тарыхый "Манас" эпосунда айтылганын жана бүгүнкү күндө да эки элдин ынтымагы бекем экендигин, аймакта тынчтык, ынтымак жана биримдик болсо гана өсүп-өнүгүү болорун айтты. Ошондой эле Исфара районунун акими Дилшот Расулзода сөз сүйлөп, кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, достукту жана биримдикти чыңдап, ынтымакты жана карым-катнашты бекемдеген мындай иш-чаралар мындан ары да көп өткөрүлөрүн айтып кетти. Иш-чара концерттик программа жана спорттук оюндар менен коштолду.