Бүгүн, 20-августта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун базасында чет элдик жогорку аскердик окуу жайларына өткөн абитуриенттердин аскердик ант берген салтанаттуу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжисариев, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун жетекчилиги, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, абитуриенттердин бир туугандары жана жакындары катышышты. Генерал-майор Марат Кенжисариев абитуриенттерди узатуу сөзүндө аларга окууда ийгиликтерге жетишин, жаңы билимдерди үйрөнүүдө максатка умтулгандык жана тырышчаактык каалады.
Айта кетсек, өз тагдырын аскерде кызмат өтөөгө багыштоону тандаган жаш уландар негизги тестирлөөдөн сырткары тереңдетилген медициналык текшерүүдөн жана дене тарбиялык даярдыгы боюнча сынактан өтүштү. Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары Азербайжан, Казакстан, Кытай, Орусия жана Түркиянын аскердик окуу жайларында билим ала алышат.