Кыргыз-өзбек чек арасы убактылуу жабылды

Кыргыз-өзбек чек арасы убактылуу жабылды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, Өзбекстандын Эгемендүүлүк майрамына даярдануу жана өткөрүүгө карата Өзбекстандын демилгеси менен бүгүн, 22-августтан тарта чек ара жабылат.

Маалыматка ылайык, кыргыз жарандары Өзбекстанга, өзбекстандык жарандар Кыргыз Республикасына кире алышпайт. Бирок чек ара жабылганга чейин коңшу мамлекетке киргендер кайра чыга алышат.

Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, дипломаттык корпустун кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тиешелүү шарттардын негизинде чек арадан өтө алышат.

Маалымат үчүн: Өзбекстанда Эгемендик күнү 1-сентябрда белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан