Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин костюму аукциондо эң кымбат баада сатылган костюм катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу "РИА Новости" ANI агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Премьердин бир нече ариптен кыйыштырып кооздолуп жазылган костюму 2015-жылы февраль айында 43 миллион рупийге (643 миң доллардан ашуун) сатылган. Индиялык ММКлардын жазганы боюнча, костюмду "Dharmananda Diamond Company" зер компаниясынын ээси сатып алган соң рекорд тууралуу сертификатка арыз берген. Агенттиктин билдиргени боюнча, Моди ал костюмду 2015-жылы Барак Обама менен жолугушууга кийген. Костюмдагы чийиндерде премьер-министрдин аты кайталанып жазылган.