Бул жолу жаш болсо өз алдынча ийгиликтерге жете алган каарманыбыз Бексултан Токтобаевдин күжүрмөн эмгеги жөнүндө жазып, кимдир бирөөгө сабак болор деген таризде коомчулукка жарыялоону туура көрдүк.
Бексултан Токтобаев Бишкекте тунукеден (жука темир) жуунгуч жана түрдүү буюмдарды жасап үй-бүлөсүн багат. Ал шаардагы базарлардын биринде бир жарым жылдан бери эмгектенет. Анын айтымында, алгач шаарда жумуш таппай кыйын күндөрдү өткөргөн. Кийинчерээк тааныштары аркылуу базардагы буюм жасоо өнөрканасына келет. Өзүнүн кызыгуусу артып, буюмдарды жасоону бат эле өздөштүрүп алган.
Бексултан Токтобаев Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун тургуну. Ал болгону 21 жашта. Борбор калаадагы базарда иниси Дөөлөт менен бир жарым жыл убакыттан бери эмгектенет.
"Буга чейин Бишкекке келип жумуш таппай калган убактар болгон. Азыр бул устаканага келгенден бери жашоо жакшы. Жасаган буюмдарымды сатып, каражат топтойм. Айылдагы ата-энеме акча салам. Бир жарым жылдын ичинде тунукеден бардык буюмдарды жасоону үйрөндүм. Бул кесибим менен сыймыктанам, анткени жыгачка мык кага албаган адамдарды көп эле көрүп жүрөм", - дейт Токтобаев.
Каарманыбыз иштеген устаканада жуунгуч, мор, чатырдан суу агызуучу ноо, көп кабаттуу үйлөргө керектелүүчү буюмдар жасалат. Бир жуунгучту жасоого 1 саат убакыт керектелет. Бир күндүк жумуш убактысында 8 даана жуунгуч жасоого үлгүрөт.
"Бул өнөрдү устаканадагы иштеген балдарды карап отуруп үйрөнгөм. Кызыгуум абдан күчтүү болчу. Өзүм толук кандуу үйрөнүп алып, айылдагы инимди жардамга чакырдым. Ал жайкы каникулда келип иштеп, жаңы окуу жылына кийим-кече, окуу куралдарын сатып алууга каражат топтойт", - дейт Б.Токтобаев.
Дөөлөт Токтобаев Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде 11-класста окуйт. Ал агасына жардамдашуу үчүн Бишкек шаарына келген. Агасынын жасаган буюмдарын кылдаттык менен карап үйрөнүүнүн үстүндө.
"Жасаган буюмдарыма жумуштун оордугуна жараша өзүм баа коём. Атайын кардарларым бар. Буйрутма берип, айрым убактарда күтүп отуруп алып кетишет. Буюмдарды даярдап сатам. Ал эми ортомчулар аларды сырдап, үстүнө акча кошуп сатышат. Бир жарым жыл аралыгында 300дөн ашуун жуунгуч жана башка буюмдарды жасадым. Мунун баары бир күн да кармалбай сатылып кетип жатты", - дейт Бексултан мырза.