Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Бишкек шаарындагы айыл чарба продукцияларынын базар баасын аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында уй этинин килограммынын чекене баасы 245-300 сом болсо, дүң баасы 215-235 сомдон болууда. Ал эми жогорку сорттогу ундун 1 килограммы 32-34 сомго бааланып жатат. Мындан сырткары 1 литр сүттүн чекене наркы 35, ал эми дүң баасы 30 сомго чейин, 1 килограмм күрүчтүн чекене баасы 85-90 сом болсо, дүң баасы 50-75 сом болууда.
"Бүгүнкү күндө кумшекер 49-58 сомдон сатылып жатат. Ал эми картошканы 12-15, пиязды 10-13 сомго сатып алса болот. Помидордун орточо баасы 20 сомдон 35 сом турса, төө буурчак 48-50 сомго чейин бааланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.