Боом капчыгайында таш кулаган жок. Атайын таш кулатуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Боом капчыгайында таш кулап, жол жабылып калды" деген маалыматка жүргүнчүлөр жана айдоочулар тынчсызданбай эле коюшса болот. Анткени Транспорт жана жол министрлиги пландуу таш кулатуу иштерин жүргүзүүдө. Мындай иштер 16-августтан 26-августка чейин күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин улантылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка таянсак, таш кулатуу иштери жүрүп жаткан учурда топтолгон унааларды Жол курулуш департаменти көзөмөлдөп өткөрүп жатат. Бишкек-Ысык-Көл унаа жолунун 131-чакырымындагы жүргүзүлүп жаткан таш кулатуу иштери 26-августта жыйынтыкталат.
Эскерте кетсек, 22-августта "Боом капчыгайында таш кулап, жол жабылып калды" деген маалыматты окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберген.