Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилөө иш-чараларына карата 30-31-август күндөрү борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргыз Республикасынын жана Казакстан футбол беттешине байланыштуу Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки Чүй кең көчөсү, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик кең көчөсүнө чейинки Абдумомунов көчөсү, Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки Киев көчөсү жабылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми 31-августта Бишкекте бир катар майрамдык салтанаттар, иш-чаралар жана парад белгиленгендиктен, Чолпон-Ата көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки Чүй кең көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки Чүй кең көчөсү, Фучик көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки Дэн Сяопин кең көчөсү жабылмакчы.
Мындан тышкары 31-август күнү "Аккула" ипподромундагы өтчү иш-чараларга байланыштуу Гагарин көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки Термечиков көчөсү жабылат.