Республика боюнча 2500 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу 22-августта өкмөт жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айтты. Анын маалыматына ылайык, учурда билим берүү мекемелеринде жалпы 75 830 мугалим эмгектенет.
Ал эми жыл сайын 100 мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча план аткарылып жатканын белгиледи. “Быйылкы жылдагы планга ылайык, 1-сентябрга карата 98 мектепке капиталдык ремонт жасалды. Эки мектеп авариялык абалда турат", - деди ал.