"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы айкелдерди жууп, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.
"21-августта Уркуя Салиеванын айкели ар кандай жазуулардан тазаланган. Кызматкерлер айкелдеги аэрозоль жана канцелярдык боёктор менен жазылган жазууларды кетирүү үчүн аны бир нече саат бою жуушту. Ал эми бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Манастын айкели жуулду", - деп айтылат маалыматта.
"Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын маданий жана муниципалдык объектилерге этияттык менен мамиле кылууга, коомдук жайларда маданияттуулукту сактап, бейбаштык тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого чакырат. Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!" - деп кошумчалашкан мэриядан.