Бүгүн, 22-августта тоолуу жана тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"22-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат", - деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды жана тургундарды этият болууга чакырат.